Бишкектен чыккан аудитор кантип Кремний өрөөнүндө инженер боло алды: Султан Өмүрзаковдун ийгилик баяны
4&Բ;августа&Բ;2025
The Tech сайты БААУнун "Бизнес башкаруу" факультетинин 2008-жылкы бүтүрүүчүсү менен маектижарыялады.
Пало-Альтодо инженер болуп эмгектенген Султан Өмүрзаков учурда автономдук автоунаалардын коопсуздук системаларынын үстүндө иштейт, баарын аудиттен баштаган. Ал профилдик билими жок болсо да IT тармагында басып өткөн жолу жана эмне себептен эң башкысы - четке кагуулардан кийин эч качан багынбоо экенин айтып берди.
Өзүм жөнүндө
Менде ишкерлик боюнча билим бар, Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетин “Бухгалтердик эсеп” адистиги боюнча аяктагам. Андан соң 2017-жылы Duke University университетинде MBA даражасына ээ болгом. Айта кетсем, 2-курсумда инвестициялык портфелди куруу жана data science боюнча көптөгөн quant-курстарды алчумун. Анткени ири маалыматтардын анализин иликтегим келчү. Айтор инженердик чөйрөдө иштөө үчүн инженердик билим алуу шарт эмес.
IT тармагындагы алгачкы тажрыйба тууралуу
MBA даражасына ээ болгондон кийин Түндүк Каролинада Truist банкында эмгектенип баштагам - маалыматтардын аналитикасы боюнча кеңешчи катары киберкоопсуздук бөлүмүндө. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү дароо Google же Facebook компанияларына жумушка орношууга умтулушат. Ал жакта атаандаштык абдан күчтүү жана тандоодон өтүү оңой эмес. Ошондуктан мен профилдик билимге ээ эмес же тажрыйбасы аз адамдарга ири IT компанияларды гана эмес, ошондой эле белгилүү чакан уюмдарга кайрылууну сунуштайм: орто жана чоң мекемелерге - банктар, камсыздандыруу компаниялары, заводдор жана фабрикалар. Аталган ишканаларга да эмгекчил кызматкерлер керек жана ал жакта да көп нерселерди үйрөнүп алууга болот.
Банкта иштөө жеңил болгон десем жаңылышпайм - мен data engineering менен алектенип, чоң массивдүү маалыматтарды иштеп чыгууга жооптуу болчумун. Кээде жумушта зэригичитүү болгондо кызыктуу жана татаал долбоорлор менен иштеп көрчүмүн. Натыйжада мен машиналык окутууну үйрөнүп, ML-алгоритмдерди пайдаланган бир катар долбоорлорду жасоого жетишкем.
Банкта 3 жыл эмгектенгенден кийин менде маалыматтарды анализдөө, машиналык окутуу жана киберкоопсуздук боюнча олуттуу тажрыйба чогулду. Ошентип мен Кремний өрөөнүндө иштеп калдым - кибер коопсуздук боюнча ири Palo Alto Networks компаниясында. Андан кийин Roblox оюн компаниясында иштедим, ал эми азыркы тапта автономдук автоунааларын жаратуучу Zoox компаниясында иштеп келем.
Ар бир жаңы компанияда менин милдеттерим жана ишим татаалдангандан татаалданып барды. Башында кадимки банк транзакцияларынан баштасам, учурда роботтоштурулган такси системасын коргоонун үстүндө иш алып барам. Бирок мага инновациялык азыктар менен иштөө жагат.
Маектешүү процесси бардык техникалык компанияларда болжол менен бирдей болуп, өзүнө бир нече баскычтарды камтыйт: резюменин скрининги, техникалык баарлашуу жана жүрүм-турумдук маектешүү.
Резюменин скрининги орто эсеп менен 30 секундага созулуп, андан сизди баарлашууга чакырабы же жокпу көз каранды болот. Андыктан сиздин резюмеңиздин таалаптарга жооп берүүсү абдан маанилүү.
Техникалык баарлашууда адатта программалоо боюнча маселелерди бир сааттын ичинде чечүүнү суранышат. Алар программалоо боюнча мектеп окуучулары арасында Эл аралык олимпиадаларда берилүүчү маселелер сыяктуу болот. Белгилей кетчү нерсе, талапкерлерден туура чечимди жазуу гана эмес, ошондой эле чечимди толугу менен түшүндүрүп берүү талап кылынат. Белгилүү бир алгоритм же маалыматтардын түзүмүн тандоодон мурда бардык тараптарды таразалап айтып берүү керектелет. Талапкердин мыктылыгы, бышып жетилгендиги чечимди жазуу канчалык оңой болгондугу, чечимдердин бир нече вариантын тандоосу, дал ошол чечимди тандоодо опциялар менен аргументтерди таразалоосуна карап бааланат.
Эгер сиз маселени жакында университетти аяктаган анча бышып жетиле элек талапкер катары чечсеңиз, анда сиз башталгыч кызматкердин айлык маянасын аласыз. А эгер маселени тажрыйбалуу архитектор катары чечсеңиз, анда сиздин айлык маянаңыздын деңгээли да тиешелүү түрдө жогору болот. Айырмасы жылына жүз миңдеген долларларды түзүшү мүмкүн.
Жүрүм-турумдук маек - сиздин талапкерлигиңиздин тажрыйбалуулук жана бышып жетилгендик деңгээлин баалоонун уландысы. Дал ушул баскычта кызыл желектер ачыкталат. Ошондуктан жакшы даярдануу жана суроолорго түзүмдөлгөн жоопторду камдоо маанилүү. Алар сиздин индустриядагы тажрыйбаңызды көрсөтүп берет.
Студенттик визасы бар иммигранттар үчүн тандоодон өтүү абдан оор. Себеби чет элдиктерди жалдап, кызматтык визага демөөрчү болуу ири компаниялардын гана колунан келет. Тиешелүү түрдө ири компаниялардын белгилүү бир сандагы орундарына чет элдик студенттер арасында атаандаштык жогору.
Эң башкысы ийгиликсиздикке кабылганда чөгүп багынып калбастан, туура тыянак чыгаруу маанилүү. Сиздин резюмеңизге компаниядан жооп келбесе, демек туура жыйынтык чыгарып, кезектеги компания үчүн резюмени дакшыртуу керек. Баарлашуудан өтпөй калсаңыз, анда каталардын үстүндө иштөө керек. Ар бир баарлашуудан кийин талапкерде кийинкиде жакшылап баарлашуу үчүн интуиция иштелип чыгат. Ар дайым изденип, каталардын үстүндө иштөө ийгиликке жеткирет.
Кыйынчылыктар
Окууну жаңыдан аяктаган тажрыйбасы аз бүтүрүүчүлөр үчүн негизги кыйынчылык - бул алгачкы жакшы жумуш табуу. IT - бул багыттары жана адистиктери көп кенен тармак жана келечекте сага кайсы адистик жагарын башында билүү өтө кыйын. Андыктан тажрыйбага ээ болуу маанилүү же болбосо окуу учурунда тажрыйба арттыруулардан өтүп, IT чөйрөсүндөгү адистиктердин кенен спектри тууралуу колдон келишинче чөп маалымат чогултуу абзел.
Ошондой эле ар кандай адистиктер ар кандай ыкмаларды талап кылат. Алсак, маалыматтык коопсуздук IT тармагында кенен билимдерди талап кылат. Эгер алар жок болсо андан ары карьера жасоо кыйынга турат. Машиналык окутуу боюнча адистиктер математика, статистика жана сызыктуу алгебра боюнча күчтүү билимдерди талап кылат.
IT тармагында жумуш табууга жардам берчү 3 кеңеш
Мен тажрыйбаны болушунча эрте топтоо кеңешин бермекчимин. Студенттик кезден эле стажировкалар, ыктыярчылык аркылуу конференцияларга жана хакатондорго катышуу, стартаптарда иштөө менен тажрыйба топтоону баштаса максатка ылайык болот. Мында сиз айтишниктердин арасында болосуз жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу оңой болот.
Тажрыйба топтой баштаганда тажрыйбалуу адистердин арасында насаатчы табууну сунуштайм. Насаатчылардын жардамы менен өз карьераңызда каталарды азайтып, бир кыйла эффективдүүрөөк боло аласыз.
Жыйынтыктоочу кеңешим - бул арканды алыс таштап, узак пландарды куруу менен кесипкөйлүк өнүгүүнүү улантуу. Жаңы тренддерди күзөтүп баруу жана аларды пайдаланып көрүү керек. Мисалы жасалма интеллектти, кодинг менен алектенген агенттерди жана башкаларды.