Күзгү дармарка & жарманке– 15-октябрь, Форум
14&Բ;октября&Բ;2025

Биз БААРЫҢЫЗДАРДЫ күзгү дармаркага (буюмдарды алмаштыруу жана буюмдарды белекке берүү) катышууга чакырабыз! Дармаркага параллель түрдө ата мекендик хэнд-мейд кол өнөрчүлөр менен экоөндүрүүчүлөрдүн жарманкеси өтөт. Ал эми тыныгуу учурунда сынактар, кахут жана БЕЛЕКТЕР каралган эко-тематикада табышамктардын викторинасы орун алат!
- Датасы: 15-октябрь
- Өтүүчү жайы: БААУнун форуму
Иш-чаранын программасы:
10:00– иш-чаранын башталышы
10:00 – 14:00– дармарка
12:05 – 12:45– сынактар, кахут & белектер каралган эковикторина!
10:00 – 18:00– ата мекендик хэнд-мейд кол өнөрчүлөр менен экоөндүрүүчүлөрдүн жарманкеси
18:00– Жарманкенин жана иш-чаранын жабылышы
Сынак жарыялайбыз! Эртең дармаркага пайдаланылган батарейка же электрондук калдыктарды алып келген ар бир жаран уюштуруучулардан белек алат!
Башка сынактар тууралуу иш-чара учурунда маалымдалат. Сиздерде сынактарга катышуу, жаңы нерселерди билип алуу, экология тармагында өз билимиңерди сынап көрүү жана ата мекендик хэнд-мейд кол өнөрчүлөрдөн белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.
Иш-чаранын уюштуруучулары - БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун “Жашыл БААУ” программасы БААУнун ыктыярчылык студенттик Жашыл клубу менен өнөктөштүктө.
Келиңиздер! Сиздерди көргөнүбүзгө кубанычта болобуз!
Дармарканын эрежелери:
- Сиз кереги жок бирок жакшы абалдагы өз буюмуңуздарды иш-чарага алып келе аласыз - китептерди, кийим-кечени, аксуссуарларды, кооздук буюмдарды, оюнчуктарды, иштөөчү гаджеттерди жана башкаларды.
- Биздин ыктыярчылар ал буюмдарыңыздарды баалоого жана БААУнун алмашуу банкноттторуна (сомдун аналогу) алмаштырууга жардам берет. Ал банкнотторду сиз иш-чаранын учурунда жаккан башка буюмдарга алмаштыра аласыз.
- Эгер сиз алмашуу үчүн эч нерсе алып келбесеңиз, бирок сизге дармаркада кандайдыр бир нерсе жакса, анда сиз аны кымбат эмес баага сатып ала аласыз (100дөн 1000 сомго чейин реалдуу акчага)
- Чогулган каражаттардын баары кайрымдуулук максатта жыйналууда!