БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Онлайн программа 22-30 октябрь Эл аралык ачык мүмкүндүк алуу апталыг

22&Բ;октября&Բ;2025

Ачык мүмкүндүк алуу-2025 Эл аралык апталыгына кошулуңуздар.

Быйылкы жылдын темасы - “Биздин билимдер кимге таандык?”

Ар бир октябрь айында Ачык мүмкүндүк алуунун Эл аралык апталыгы академиялык коомчулуктарды ачык мүмкүндүк алуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого, кесиптештер менен билим алмашууга жана илимий байланыштарда ачык мүмкүндүк алууну стандарттык тажрыйба катары киргизүүгө чакырат.

Көңүл борбордо - илимий макалаларды эркин жайылтуу, ачык билим берүү ресурстарын жана ачык маалыматтарды өнүктүрүү, дүйнө жүзүндө билимдерге жетүүнү кеңейтүү.

БААУдагы онлайн иш-чаралардын программасы 22-30-октябрь

Бардык сессияларга катталуу:https://us06web.zoom.us/meeting/register/Jt4qA7b_QV2Mshth4rFBQA

Шаршемби, 22-октябрь

15.00 - 16.00 (Бишкек убактысы)

Чет тилдерди үйрөнүү үчүн ачык билим берүү ресурстарын пайдалануу: көнүшүү, колдонуу, өнүктүрүү

Джил Нойендорф - Джорджтаун университетинин профессору (АКШ)

Бет ачар чет тилдерди окутуу тармагында ачык билим берүү ресурстарын пайдаланууга арналган. Мында Борбордук Азиянын маданий жана билим берүү контексине материалдарды көнүштүрүүгө басым жасалат. Издөөнүн стратегиялары, Ачык билим берүүнүн локализациялоо жана жайылтуулар, ошондой эле ачык практикалар менен кесипкөйлүк коомчулуктардын окутуучулардын квалификациясын жогорулатуудагы ролу каралат. Өзүнчө көңүл мультимедиялык контентке, студенттерди окуу материалдарын иштеп чыгууга аралаштыруу жана маданияттар аралык компетенттүүлүктү калыптандырууга бурулат.

Бейшемби, 23-октябрь

14.00 - 15.00 (Бишкек убактысы)

Ачык мүмкүндүк алуунун экосистемасы: мүмкүнчүлүктөр, чакырыктар жана перспективалар

Жылдыз Бекбалаева, БААУнун китепканасынын директору

Бет ачарда ачык мүмкүндүк алууну өнүктүрүүнүн заманбап илимий байланышуунун маанилүү багыты катары чечүүчү тенденцияларына анализ жасалат. Ачык мүмкүндүк алуунун ар кандай үлгүлөрүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулат. Алар эффективдүү жайылтуу жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын пайдаланууга жол ачат.

Кыргызстандын окумуштуулары үчүн EIFL программасынын алкагында макалаларды коомчулукка жарыялоо мүмкүнчүлүктөрү

Евгения Шевцова, Эл аралык китепканалар консорциуму EIFL (Литва)

Бет ачар Кыргызстандын окумуштууларынын макалаларды жарыялоо активдүүлүктөрүн колдоогого багытталган EIFL программалары жана демилгелерин карап чыгат. EIFL басып чыгаруучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макалаларды иштеп чыгуу үчүн нөлдүк же жеңилдетилген төлөмдөрдү камсыз кылат. Окумуштуулар өз эмгектерин төмөнкү Эл аралык абройлуу басылмаларда басып чыгара алышат: Cambridge University Press, Oxford University Press, Sage Publications, Taylor&Francis жана башкалар. Натыйжада Кыргызстандын изилдөөчүлөрү өз эмгектеринин илимий жактан таанылуусу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү алышат.

Шейшемби, 28-октябрь

14.00 - 15.00 (Бишкек убактысы)

Илимий басылмаларды ачык мүмкүндүк алуу аркылуу алга жылдыруу: К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Илимий китепканасынын тажрыйбасы

Назгуль Бектурганова, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Илимий китепканасынын директору

Бет ачарда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ачык мүмкүндүк алуунун принциптерин илимий басылмаларга жана алардын Эл аралык системада индексациясына жайылтылуусунун тажрыйбасы тартууланат.

Ачык билим берүү ресурстары жана санариптик платформалар академиялык ачык айкындуулукту камсыздоо шайманы катары.

Эльстан Дарбанов, Ош мамлекеттик университетинин математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун окутуучусу

Докладда Ош мамлекеттик университетинин электрондук тестирлөө жана MyTE аналитикасы боюнча университеттик платформаны иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча тажрыйбасы көрсөтүлөт. Бул окуу материалдарына ачык жетүү, баалоо процессин автоматташтыруу жана билим берүү маалыматтарын анализдөөнү камсыздоого багытталган.

Бейшемби 30-октябрь

14.00 – 15.00 (Бишкек убактысы)

Филологдордун билим алуу процессине PythonжанаGoogleColab`ды киргизүү: жыйынтыктар, алга жылдыруу жана кыйынчылыктар

Татьяна Карпенко, Абылай хан атындагы Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер Эл аралык Казак университетинин лингвистика жана маалыматтык-байланыштык технологиялар кафедрасынын окутуучусу

Медиатексттерде PowerBI жардамы менен визуалдаштырууну жаратуу үчүн ачык Kaggle датасеттерди пайдалануу

Ангелина Трофимова, Абылай хан атындагы Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер Эл аралык Казак университетинин лингвистика жана маалыматтык-байланыштык технологиялар кафедрасынын окутуучусу.

Докладда журналисттер менен PR-адистер Power BI жардамы менен визуалдык аналитикалык материалдарды жаратуу үчүн Kaggle платформасын ишенимдүү жана ар тараптуу ачык маалыматтарды кантип пайдалана алуусу каралат. Кызыктуу маалыматтардын топтомун табуу жолдору, алардын сапатын баалоо, базалык иштеп чыгуудан өткөрүү жана жыйынтыктарды интерактивдүү дашборд жана инфографика түрүндө визуалдаштыруу тууралуу маалыматтар айтылат.

Бардык сессияларга катталуу: .

<< Назад к списку