БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУда усулдук сабак: башталгыч класстарда математиканы окутуу

31&Բ;октября&Բ;2025

Өткөн аптада БААУда мектептердин математкиа мугалимдери үчүн кезектеги усулдук сабак өткөрүлдү. Иш-чараны Жарандык активдүүлүк борбору жана “Колдонмо математика жана информатика” факультети Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин колдоосу астында уюштурду.

Сабактар башталгыч класстарда математиканы окутууга арналып, аны БААУнун Колдонмо математика жана информатика департаментинин окутуучусу Сыргак Кыдыралиев өттү.

Сабактардын алдында бардык мугалимдер “Жандуу математика: шалгам, көмөч” китебин белекке алышты. Эмгек кенже курактагы окуучуларга багытталып, үч тилде басып чыгарылган - кыргыз, орус жана англис тилдеринде.

Усулдук сабактын биринчи бөлүгүндө И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Башталгыч мектептерде табигый-математикалык билимдерди жана технологияларды окутуу” кафедрасынын доценти Магира Узакова балдардын интеллектин өнүктүрүү өзгөчөлүктөрү жана окутуу ыкмалары тууралуу айтып берди. Маанилүү тыянактардын бири - окуучунун күчтүү жактарын түшүнө билүү жана ага аларды өнүктүрүүгө жардам берүү.

Өз бет ачарын баштаган Сыргак Капарович чогулгандарга собол салды: математиканын предмети эмне жана аны иликтөөнүн мааниси кандай - эсептөө жөндөмүбү, ой жүгүртүү жөндөмүбү же башка нерсеби? Мисалы орто кылымдардагы Европада бөлүү магистри илимий даражасы болгон. Ал кезде негизинен рим цифралары менен колдонулчу жана бир санды башка бир санга бөлүү оңой эмес маселе болгон. Мына ушуну билген адам дароо илимий даража алган.

Бүгүнкү күндө балдарга маселени чечүүнү гана эмес, ошондой эле анын маанисин түшүнүүнү, жөнөкөй жана туура чечимди табууну үйрөтүү маанилүү. Эффективдүү жолдордун бири - оюн форматын жана балдарга белгилүү жомокторду пайдалануу. Дал ушундай формада балдар математика менен “Жандуу математика: Шалгам, көмөч” китебинде таанышып башташат.

Сыргак Капарович жөнөкөй мисалдардын негизинде балдарда эсептөө, кошуу, кемитүүлөрдү гана эмес, ошондой эле логикалык ой-жүгүртүүнү, чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрдү, суроо берүү жана маанилүү жашоо баалуулуктарын талкуулоону үйрөтүүгө болорун көрсөтүп берүү.

Китептен алынган маселелерди пайдалануу менен профессор чогултуу ыкмасы менен ар кандай деңгээлдеги маселелерди чечүү мүмкүндүгүн көрсөтүп берди - орто класстарда теңдемелер системасы же арифметикалык прогрессиялар аркылуу чечилүүчү маселелерге чейин. Мындай ыкманы олимпиадалык маселелерди чечүүдө да колдонууга толук мүмкүн.

Сабактын аягында Кыргыз-Швед математикалык мектебинин өнүктүрүү боюнча директору Айдар Жоробеков өткөрүлгөн иш-чара жана мугалимдерге методикалык колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул саамалыктардын мааанилүүлүгүн белгиледи.
Методикалык колдонмолорду даярдоого Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаркуль Урдалетова жана БААУнун улук окутуучусу Елена Буровалар катышты.

<< Назад к списку