ǿ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУда донорлор күнү

8&Բ;декабря&Բ;2025

Өткөн аптада БААУда экинчи ирет Донорлор күнү өттү. Иш-чара Медициналык кеңсе тарабынан КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык кан борбору менен кызматташтыкта уюштурулду.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда донордук кандын жетишсиздиги байкалат. Ушуга байланыштуу Республикалык кан борбору БААУга окуу жайдын аймагында Донор күнүн өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган.

БААУнун коммчулугу демилгеге колдоо көрсөттү: 150 киши донор болуу тилегин билдирген. Бирок каалоонун өзү жетишсиз - медициналык талаптарга жооп берүү талап кылынат. Натыйжада 100 киши кан тапшыра алды. Бул былтыркы жылдын көрсөткүчүнөн алда канча жогору. Демек дагы да көп киши жардам алып, көптөгөн өмүрлөр сакталып калат десек жаңылышпайбыз.

Донор күнүнө катышкандардын баарына ыраазычылык билдиребиз. Бул демилге саламаттыкты сактоо системасы жана жашоосу донордук кандан көз каранды болгондор үчүн чоң мааниге ээ. Сиздердин жоопкерчилигиңиздер жана жардам берүүгө даяр тургандыгыңыздар үчүн Кыргызстанда сакаюу жана өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондор көбөйөт. Ар бир катышуучуга чын дилден ыраазычылык билдиребиз жана келечекте кан тапшырууну каалагандардын саны мындан да көп болот дегенумүттөбүз.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

<< Назад к списку