ǿ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Тарыхы бар китептер: БААУнун китепканасында жаңы толуктоолор

9&Բ;декабря&Բ;2025

#китепкана#библиотека#library

Бул күздө БААУнун китепканасынын фонддору жеке колдоолордун негизинде жаңы китептер менен толукталды.

Биринчи колдоо – “Психология” факультетинин профессору Елена Молчанованын үй-бүлөсүнүн детективдик адабиятынын коллекциясы. Бул китептер анын жакында гана 90го чыгып дүйнөдөн өткөн апасына таандык болчу.

Эмгектерди БААУнун китепканасына өткөрүп берүү чечими тууралуу Елена айым мындай дейт:

– Детективдик адабияттын китепканасын жаратуу жана аны университеттин китепканасына өткөрүп берүү идеясы менин кызым – БААУнун бүтүрүүчүсүнө таандык. Окутуучулар менен студенттердин арасында детективдерди жактыргандар жок эмес жана бизде дал ошол жакта апамдын китептери экинчи өмүрүн табат деген ой жаралды. Биз өзүбүз үчүн БААУга детективдерди белекке берүү боюнча апамдын айткандарынан варианттарды ойлонуп көрдүк. Апабыз детективдерди өмүрүнүн акыркы жылдарында үзгүлтүксүз окуй баштаган. Биз аны кубантууга аракет жасадык: ал кызыккан бардык эмгектерди алып бердик. Бишкектин китеп дүкөндөрүнүн кызматкерлери бизге жакшы маиле жасашчу. Анткени биз алардын максималдуу дискаунту бар туруктуу кардарыбыз. Биз апабызды чарчоо жана оорудан алаксытат деп эсептеген китептердин баары биздин китепканадан орун алчу. Учурда университеттин китепканасына тиешелүү болуп калган китептердин кээ бирлерин апабыз окуп чыгууга жетишпей калды. Бирок биз ал эмгектердин аудиоформатын таптык жана апам аларды өмүрүнүн соңку кечесине чейин укту. Менимче ошол китептердеги баяндар апама интрига, жарыктык, адамдык кызыгуучулук бар жашоодо калууга жардам берди. Эми минтип апамдын китептери жаңы үй таап, аларды кимдир-бирөө барактап, кызыгуу менен окуп жатканына апам бактылуу болмок деп ойлойм. Анткени анын сүйүктүү китептери адамдардын арасында жана адамдар үчүн жашап жатат.

Дагы бир толуктоо – гидрогеолог Бейшембек Айткулович Раманкуловдун үй-бүлөсүнөн берилген китептер. 1970-жылы ал Фрунзе политехникалык институтун артыкчылык менен аяктап, өмүрүн сүйгөн ишине арнаган. Окуусун аяктагандан кийин Кыргыз комплекстик гидрогеологиялык экспедициясынын Ош гидрогеологиялык партиясында эмгектенген. Андан соң Ысык-Көл жана Балыкчы гидроегологиялык партияларында да иштеген (1974-1993). 1993-жылы Балыкчыдагы гидрогеологиялык участокту жетектесе, ал эми 1995-жылы “Ташчайнар” чакан мекемесинин директору болгон.

Бейшембек Айткулович жер астындагы таза сулардын, термоминералдык,, айыл-чарбалык, өндүрүштүк-техникалык, ирригациялык-пайдалуу суулардын запастарын изилдөө, чалгындоо жана эсептөөгө чоң салым кошкон. Кесипкөйлүк жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктарга арзыган. 1979-жылы ага “СССРдин геологиялык кызматынын отличниги” наамы ыйгарылган. 1986-жылы Бейшембек Айткулович “Ысык-Көл - Чүй өндүрүштүк комплексинде термалдык минералдык сууларды ачуу жана чалгындоо” эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагында Мамлекеттик сыйлыгынын Лауреаты болгон.

Көп жылдык кесипкөйлүк ишмердүүлүгүнүн негизинде анын жеке китепканасында гидрогеология жана аны менен үйндөшкөн дисциплиналар боюнча көптөгөн китептер чогулган - студенттер менен адистерге пайдалуу баалуу эмгектер. Андыктан Бейшембек Айткуловичтин үй-бүлөсү БААУнун китепканасына белекке берүү чечимин кабыл алган.

БААУнун китепканасы бул чечимдерди жогору баалайт жана Бейшембек Айткулович Раманкулов менен Елена Молчанованын үй-бүлөлөрүнө китептерди өткөрүп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирет. Эмгектердин бир бөлүгү суроо-талап болуп жаткан өнөктөш-китепканаларга өткөрүлүп берилет.

<< Назад к списку