ǿ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Нарын облусунун педагогдоруна математика боюнча жаңы китептер менен окуу колдонмолор берилди

10&Բ;декабря&Բ;2025

“Колдонмо математика жана информатика” факультетинин профессору Сыргак Капарович Кыдыралиев Нарын облусунун Кочкор районунун мугалимдерине усулдук сабак өттү. Өзгөчө элет жериндеги мугалимдер усулдук жана дидактикалык материалдардын жетишсиздигине кабылышат. Бүгүнкү күндө педагогдорго талаптар күчөөдө жана заманбап билим берүү тенденцияларына жооп берүү маанилүү. Ошондуктан мындай сабактар чоң кызыгуу жаратып, мугалимдердин колдоосуна ээ болот.

Профессор жакында жарык көргөн математикалык колдонмо жана китептер туурауу айтып берди. Алардын арасында – кыргыз жана орус тилдериндеги “Математика 5 жана Математика 6 китептерине окуу жана усулдук материалдар”. Эске салсак, бул материалдар электрондук түрдө жеткиликтүү:

– орус тилинде

– кыргыз тилинде

Мындан тышкары чектелүү нускада басылып чыгарылган “Жандуу математика 7-класс” китеби менен таанышышты. Ошондой эле мугалимдерге кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарык көргөң башталгыч класстардын окуучулары үчүн багытталган “Жандуу математика: Шалгам, көмөч” китеби белекке берилди. Усулдук сабакка ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаркуль Урдалетовадакатышты.

<< Назад к списку